Понедельник, 6 мая

БУУ Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу үчүн акчалай жардам берет

0

БУУнун азык-түлүк программасы беш жылдык программасынын алкагында Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга 105 млн доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программанын 2023-2027-жылдарга карата стратегиялык планына ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга 90 миллион доллар берет. Ал эми 15 миллион доллары жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго жумшалмакчы.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программанын II сессиясында Кыргызстандагы БУУ ДАПтын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды жана азык-түлүк коопсуздугу программасын тааныштырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз