Пятница, 26 апреля

Кемпир-Абадды коргоо комитети эл аралык сотко кайрылат

0

Кемпир-Абадды коргоо комитети эл аралык сотко кайрылат. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычын кайтарып алуу үчүн эл аралык сотко кайрылууга болот.

«Тилекке каршы бийлик Кемпир-Абадды берди. Бизде дагы бир жол бар. Келечекте биз эл аралык сотко кайрылышыбыз керек. Биздин бийлик канчалык коррупциялашкан жана авторитеттуу болсо, чечимди эл аралык сотто жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени кечээ парламентте депутаттарга кысым көрсөтүлдү», — дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз