Пятница, 3 мая

Эрдоган Путин менен сүйлөштү

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган сүйлөшүүдө дан экспорту боюнча Стамбул келишиминин 120 күнгө узартылышына байланыштуу конструктивдүү позициясы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун узакка созулушунун тобокелдиктерди арттыра турганын, ошондуктан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жанданышы керектигин белгилеген президент Эрдоган, Орусия менен Американын чалгындоо жетекчилеринин Түркиядагы жолугушууларынын маанилүү экенин айтты.

Путиндин Түркияда жаратылыш газ борборун куруу сунушуна канааттангандарын билдирген өлкө башчысы, орток максаттарга эң кыска убакытта жетүү үчүн кызматтык топтордун керектүү техникалык, юридикалык жана коммерциялык баа берүүлөрдү жасай турганын айтты.

Сүйлөшүү учурунда Путин Стамбулдагы террордук кол салууга байланыштуу президент Эрдоганга көңүл айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз