Кармалган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын жакын адамдары кайра коё берилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
«Эреже бузуу тууралуу түшүндүрүү багытындагы маектешүү жүргүзүлгөндөн кийин Камчы Асанбек жана анын санаалаштары бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, УКМК 16-ноябрда Көлбаев жана анын жакын санаалаш 10 кишиси кыргыз-кытай чек арасына жакын жерден аңчылыктан кайтканда кармалганы кабарланган. Ведомство ал боюнча билдирүүнү бүгүн, 18-ноябрда, тараткан. Кармалгандар чек ара аймагында уруксаты жок жүрүп, административдик эрежелерди бузууга айыпталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ок атуучу сегиз курал (төрт «Сайга» карабини жана төрт ПМ жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып, алынган.