Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму Сирия улуттук армиясына караштуу жергиликтүү күчтөр менен Сириянын түндүгүндө Евфрат калканы аймагына жүргүзүлгөн операцияларда ДАИШтин 11 террористин кармады.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда ДАИШ террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан Сирияда конок үйү катары колдонулган жана ичинде уюмдун жооптуу мүчөлөрү да болгон уюмдун 3 үйү Сирия улуттук армиясы жана Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан аныкталды.
Улуттук Чалгындоо Уюмунун кабарлары жана операциялык колдоосу менен Сирия Улуттук Армиясына караштуу жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан Евфрат калканы аймагында жүргүзүлгөн операцияларда ДАИШтин 11 террористи кармалды. Операцияларда өзгөчө көп сандаган жарылуучу зат жана ок-дары колго түшүрүлдү.
Кармалган террористтер биринчи териштирүүдө ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГнын уландысы Сирия Демократиялк Күчтөрү СДГнын көзөмөлүндөгү Хасеке/ Гуверян абагына карата ДАИШ тарабынан жасалган кол салууларга логистикалык жана аскердик колдоо бергендерин моюнга алышты.