Воскресенье, 12 мая

АКШнын Кыргызстандагы элчиси белгилүү болду. Мурда иштеген жерлери кызык

0

Лесли Вигери АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент Twitter платформасына жазды.

Билдирмеге ылайык, ал Мамлекеттик департаментте, Түштүк жана Борбордук Азияда 30 жыл иштеген. Лесли Вигеринин талапкерлиги февраль айында сунушталган.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызмат орду Дональд Лу 2021-жылдын жаз мезгилинде башка кызматка которулуп кеткенден бери бош болчу.

Вигеринин министр-кеңешчи рангындагы кадрдык дипломат экендиги белгилүү. Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун Борбордук Азия жана Пакистан иштери боюнча катчысынын жардамчысынын орун басары кызматында иштеген. Андан мурун АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары жана Американын Нью-Делидеги элчилигинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси болгон.

Мындан тышкары, Вигери Европа жана Азия иштери боюнча бюродо эл аралык маселелер, баңгизат, укук коргоо ишмердүүлүгү багытында, Борбор Азия боюнча бюродо Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча директор кызматтарын аткарган.

Ошондой эле АКШнын Индиядагы элчилигинде саясий кеңешчинин орун басары, Американын Кабулдагы элчилигинин түзүмдөр аралык бөлүмүнүн улук директору жана АКШнын Москвадагы элчилигинде тышкы саясий байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеген.

Хинди, орус жана португал тилдеринде сүйлөйт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз