Четверг, 25 апреля

Шакиев жетектеген депутаттык топ бүгүн Анкарада расмий жолугушууларды өткөрөт

0

Бүгүн, 21-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары менен барат.

Пардаменттен билдиргендей, сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз