Кечээ Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 21-ноябрда саат 19:34тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну менен катар Ысык-Көлдө бир түндө эки ирет жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-ноябрь күнү саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ушул эле күнү 04:34тө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет, Кызыл- айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.