Пятница, 15 ноября

Өкмөт башчы Евразия кеңешинин жыйынына катышат

0

Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Ереван шаарында өтөт. Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм, илим жана инновациялар сыяктуу багыттардагы кызматташууларды кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланат. Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол койулуусу күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз