Дүйнөнүн алдыңкы коргоо өнөр жайларынын кезектеги жарманкеси Түркияда 30-апрель 3-май күндөрү Стамбулда өтөт.
Бул жарманкеде Атак-2 деген ат менен таанымал Түркиянын оор класстагы чабуул коючу тик учагы биринчи жолу көргөзмөгө чыгат. Тик учак жергиликтүү ок дарылардын макеттери менен бирге көргөзмөгө чыгарылат. Мурдараак Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн муктаждыгын камыз кылыш үчүн оор класстагы чабуул коючу тик учар долбоору ишке ашырыла баштаган. Долбоор менен чоң көлөмдөгү пайдалуу жүк ташый ала турган, алдыңкы технологияга ээ, электрондук согушка чыдамкай, байланыш жана курал системалары менен камсыздалган, жогорку ийкемдүүлүккө ээ чабуул коючу тик учакты чыгаруу максат кылынган.