Азербайжан 12-13-сентябрдагы кагылышууда өлгөн 13 армян аскеринин сөөгүн Арменияга тапшырды.
Азербайжандын Туткун, дайынсыз жана барымтадагы жарандар боюнча мамлекеттик комиссиясы 12-13-сентябрь күндөрү кагылышуу болгон аймакта каза болгон армян аскерлери тууралуу билдирүү таратты.
Билдирүүдө согуш талаасынан табылган 13 армян аскеринин сөөгү Азербайжан Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан каралып, сөөктөрдө зордук-зомбулук издери табылбаганы аныкталгандан кийин алар Эл аралык Кызыл Чырым уюму аркылуу Арменияга тапшырылганы билдирилди.
Азербайжандын Коргоо министрлиги жаңжал 12-сентябрга караган түнү Азербайжандын Дашкесен, Келбежер, Лачын жана Зенгилан багыттарында армян күчтөрүнүн кеңири масштабдуу провокациясынын натыйжасында башталганын жарыялады.
Дипломатиялык байланыштардын натыйжасында 2-Карабах согушунан кийинки эң чоң кагылышууда Азербайжан менен Армениянын ок атышпоо боюнча макулдашканы айтылды. Азербайжан сентябрда Арменияга 127 армян аскеинин сөөгүн өткөрүп берген болчу.