Орусиянын Коргоо министрлиги, орус армиясы тарабынан колдонуу максатында дагы бир спутникти орбитага учурду.
Орусиянын Архангельск облусундагы Плесецк космодромунан «Союз 2.1б» ракетасы менен учурулган «Космос-2564» аттуу спутниктин орбитага ийгиликтүү жайгашканы маалымдалды.
Министрликтин билдирүүсүндө, «Космостук аппарат болжолдонгон убакта Авиация жана Космос күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү» — деп айтылды.
Орусия 2-ноябрда да Плесецк космостук базасынан дагы бир аскердик спутнигин учурган болчу.