Воскресенье, 5 мая

Эртең аба ырайы кандай болот? Жообу

0

Эртең, 30-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз