Азаттык радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү үчүн милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна даттанды. Ал Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.
Эскерте кетсек «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков 17-апрелде «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган болчу. Көмүскө экономиканын айынан жылына 40 млрд. сом Кыргызстандын казынасына түшпөй калары иликтөөдө айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу да кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттерин жана күмөндүү схемаларын баяндап берген болчу. Иликтөөнү YouTube каналынан 377 миң адам көргөн.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин иликтөө жарыяланган соң баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.
Жалил Атамбаев видео иликтөөдө Жалил Атамбаевдин схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү соттон суранган.
Эл ичинде Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени айтылып келет.