Суббота, 4 мая

Израиль армиясы дагы Газаны бомбалады

0

Израиль армиясы Газадагы Хамаска таандык эки пунктка согуштук учактар ​​тарабынан сокку урулганын жарыялады. Израиль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае, Твиттердеги баракчасында Израилдин согуштук учактарынын Хамастын ракеталары өндүрүлгөн маанилүү борбор болгон курал цехин атканын айтты.

Кол салуудан каза болгондор болбосо да, имараттарга материалдык зыян келтирилгени билдирилди.

Хамастын аскердик канаты Изз ад-Дин ел-Кассам бригадалары тарабынан жасалган билдирүүдө Израилдин учактарынын кол салууларына жер-аба ракеталары менен жооп берилгени белгиленди.

Хамастын басма сөз катчысы Хазим Касим болсо жергиликтүү кабар каналына берген маалыматында, каршылык көрсөтүү күчтөрү Израилдин кол салуусуна жооп берүү менен «Израилдин теңдемелерди өзгөртүүсүнө уруксат бербей, Палестина элин коргоону уланта турганын» көрсөткөнүн айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз