Түркия менен Азербайжан машыгуу өткөрүүдө

0

Түркия менен Азербайжандын Куралдуу күчтөрү Азербайжанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшүүдө.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык келишиминин алкагында түрк жана азербайжан армиясы Баку, Астара, Жебрайыл жана Имишли облустарында машыгууларды баштады.

Машыгууда кургактык жана аба күчтөрү, атайын бөлүктөр, коргонуу бөлүктөрү, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөр ар кандай кызматтарды аткарышууда.

Заманбап согуш ыкмалары колдонулган машыгууда ар кыл бөлүктөрдүн координацияланган ишмердүүлүгүн уюштуруу, дарыялардан өтүү үчүн понтон көпүрөлөрүн орнотуу жана бута зонага кирүү сыяктуу тапшырмалар аткарылып жатат.

Биргелешкен машыгууда, аскерлердин согуш учурундагы координациясын камсыз кылуу, башкарууну жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жана кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатталууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз