Вторник, 7 мая

Бүгүн Садыр Жапаров 54 жашка толду

0

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 54 жашка толду. Ал 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган.  2006-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, юрист адистигине ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1986–1987-жылдары  — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;

1987–1989-жылдары — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1989–1995-жылдары — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;

1996–2000-жылдары — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары;

2000–2002-жылдары — «Гузель-МХААД» ЖЧК башкы директору;

2002–2005-жылдары — «Нурнефтегаз» ЖЧК башкы директору;

2005–2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;

2007-2009-жылдары — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;

2008–2009-жылдары — Улуттук коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары;

2009–2010-жылдары — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору;

2010–2013-жылдары — Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;

2020-жылдын октябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын премьер-министри, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу.

2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын президенти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз