Суббота, 27 апреля

Монголияда митингдер уланууда

0

Монголияда экономиканын абалына жана бийликтеги коррупцияга байланыштуу нааразылык акциялары өтүүдө.

Борбор калаа Улан-Батордо кечээ башталган демонстрацияларда өкмөттүк кызматкерлердин Кытайга сатылган көмүрдөн түшкөн кирешени кымырып алганы айтылып, жооп талап кылынды.

Президенттик, премьер-министрлик жана парламент имаратын курчап алган демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

Шаардын Сух-Батор аянтына да чогулган демонстранттар жумушсуздук жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышты. Демонстранттардын арасында жаштардын көпчүлүктү түзгөндүгү көңүлдү бурду.

Полиция менен демонстранттардын кагылышында жарадар болгондор бар.

Улан-Батордо абанын температурасы 28 градуска жеткенине карабастан, демонстрациялар уланууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз