Среда, 24 апреля

Мыйзам долбоору: Экс-президенттердин жан сакчысы алынат, резиденциядан чыгарылат

0

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев «Президенттин ишмердүүлүгү жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Бүгүн, 6-декабрда депутат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында билдиргендей, бул мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында иштелип чыккан.

Эл өкүлү ошондой эле бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кийинки экс-президенттерден тартып күчүнө кирерин белгиледи.

Депутат төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат:

— экс-президент өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик күзөт кызматын пайдалана алат;

— экс-президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат;

— 16-беренеде каралган артыкчылыктарынан ажыратылат;

— жаңы президент кызматына киришкенден кийин экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны бошотушу керек;

— Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө президентти кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Азыркы мыйзамга ылайык экс-президенттерге бир катар артыкчылыктар берилген.

— экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот;

— акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт;

— президенттин бир айлык эмгек акысынын 75% өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып турат (бул артыкчылыктар пенсия курагына жеткенде да сакталып калат);

— мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет;

— экс-президент аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу;

— экс-президент өлкө аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ. Экс-президенттин почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк разрядда жөнөтүлөт (жиберилет), иштетилет жана жеткирилет (16-берене)

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын президенти кызматын Садыр Жапаров ээлеп отурат. Ага чейин мамлекет башына беш адам келип кеткен. Алардын үчөөнүн экс-президент макамы жок. Мурдагы өлкө башчыларынын экөөнүн гана экс-президент деген макамы бар. Алар — Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз