Четверг, 2 мая

Эми Орусияда митинг өткөрүү мурдагыдан да кыйын болот

0

Орусиянын президенти Владимир Путин жыйын, митинг, жөө жүрүш жана демионстрацияларды өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмесин кеңейткен федералдык мыйзамга кол койду.

Мурда президенттик резиденциялардын имараттарында, соттордо, Тез жардам кызматтарында жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынган болсо, эми митингге тыйуу салынган жерлердин тизмеси узартылды. Мындан ары мамлекеттик бийлик органдарынын имараттарында жана аларга жанаша жайгашкан аймактарда, аэропорттордо, темир жол жана автовокзалдарда, порттордо, университеттердин, мектептердин, ооруканалардын имараттарында жана аймактарында, чиркөөлөр жайгашкан жерлерде митингдерди өткөрүүгө болбойт. Мындан тышкары, тыюу электр, жылуулук, суу жана газ тармактарынын иштешин камсыз кылган аймактарга да жайылтылат.

Жаңы мыйзам ошондой эле ар бир федералдык аймак жогоруда айтылган тыюулардан сырткары өздөрү да айрым жерлерде жыйын өткөрүүгө тыйуу салган чечим кабыл ала алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз