Суббота, 27 апреля

Доллар кымбаттоодо. Улуттук банк чара көрүүдө

0

Кечээ, 6-декабрда КР Улуттук банкы валюта рыногуна 59,5 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна жети жолу интервенция менен чыгып, акыркыны кошкондо жалпы 331,5 млн доллар сатты, анын ичинен 66 млн 650 миң доллары накталай, калган сумма накталай эмес сатылган. Буга чейинки интервенция 16-ноябрда болгон. Анда 55,2 млн доллар сатылган.

Ошондой эле Улуттук банк жыл башынан бери жалпы 190 млн 740 миң доллар сатып алган.

Кошумчалай кетсек, валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмаштыруу курсунун кескин кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз