Пятница, 3 мая

“Байрактар” Сирияда АКШ тарабынан машыктырылган террористти жок кылды

0

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Жезире аймагы боюнча жооптуусу «Рож Хабур» каймана аттуу Кивана Херо жок кылынды. Бул тууралуу түрк басылмалар жазып чыкты.

Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MIT) тарабынан Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияда жок кылынган «Рож Хабур» каймана аттуу Кивана Херо АКШнын аймактагы күчтөрү тарабынан машыктырылган.

Террордук уюмда кол салууну үйрөткөн бул террорист, Түркияга кол сала турган террористтерди даярдаган. Террорист Хесо тарабынан даярдалган уюмдун мүчөлөрү, «Тынчтык булагы» операциясы аймагы менен Мардин жана Шырнак линияларында коопсуздук күчтөрүнө карата кол салууларды жасаган.

Кыймылдары менен MITтин бута тизмесине кирген террорист тыкыр байкоого алынып, жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында жандоочулары менен бирге өлтүрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз