Вторник, 23 апреля

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келбей калды

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары жылдырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктоочу жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет”, — деп айтылат маалыматта.

КР Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, Өзбекстандын президентинин сапарынын мөөнөтү гана жылдырылды. Визит 2022-жылдын аягына чейин ЖЕЭК жыйынынан өзүнчө өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз