Среда, 18 декабря

Мыйзам долбоору: Эмгек стажы жок, соцфондго акча төлөбөгөндөр пенсия албайт

0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Социалдык фонддун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду. Ошондой эле, Социалдык фонддун быйылкы жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана

2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Суроо-жооп учурунда эл өкүлү У. Бакасов эмгек стажы жок, соц фондго акча которбогон дыйкан жана фермерлерге кандай пенсия чегерилет деген суроону койду. Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев аларга пенсия чегерүү мүмкүн эместигин белгилеп, 2000сом өлчөмүндө жөлөк пул чыгарыларын билдирди.

Ал эми депутат Жеңишбек Токторбаев 25 жылдан мугалим жана сот болуп иштегендердин пенсиясын салыштырды. «25 жыл мугалим болуп иштеген мугалим 5000сом пенсия алат, ал эми соттор 100 000 сом пенсия алып жатат. Сиз ушундай адилетсиздик бар экен деп маселе көтөрдүңүзбү», — деп сурады депутат. Соцфонддун төрагасы мыйзамдар менен гана иштерин белгилеп, ага баа бере албай турганын кошумчалады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз