Суббота, 27 апреля

Фото. Орусиянын президенти Бишкеке келди

0

Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз