Четверг, 2 мая

Орусияга каршы киргизилген санкцияларды Франция бузууда

0

Орусия-Украина согушунан кийин Орусияга каршы санкцияларга карабай Франция бул өлкөдөн 2021-жылга караганда 3 эсе көп уран сатып алганы белгилүү болду.

Франциянын апта сайын чыгуучу журналы Canard Enchaine өлкөнүн негизги энергия камсыздоочусу болгон EDF фирмасынын бажы документтерине таянып, Франция 2022-жылдын 9 айында Орусиядан 345 миллион евролук 290 тонна уран сатып алганын тастыкдады. Бул сумма Франциянын уран корунун 30 пайызга жакынына туура келет жана 2021-жылы Орусиядан сатып алынган урандан үч эсе көп.

Франциянын 56 атомдук реакторунун 24ү оңдолуп, энергетикалык кризис учурунда атомдук станциялардан электр энергиясын өндүрүү үчүн уранды Орусиядан импорттогону белгиленген.

Жыл сайын атомдук станцияларда 1030 байытылган уранды электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонгон EDF бул кубаттуулукту алуу үчүн 8 миң тонна табигый уранды кайра иштетүүсү керек.

Европа өлкөлөрүнүн Орусияны бутага алган эмбарголоруна карабастан, Франциянын бул өлкөдөн уранды сатып алуусунун себебин көшөгө артында орус уранынын арзан ташылышы катары көрсөтүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз