Пятница, 3 мая

Коркунучтуу делген чочко тумоосу Кыргызстанга да келди

0

Кыргызстанда сасык тумоонун коркунучтуу түрү болгон чочко тумоосунун учурлары катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, сасык тумоо жана Курч респиратордук инфекциянын сезонунда (октябрдан апрелге чейин, туу чокусу кыш мезгилине туура келет) ооруканаларда 200 миңге чейин бейтап катталат жана алардын 65-70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Ал эми быйыл октябрь айынан ушул күнгө чейин ооруканаларда сасык тумоонун 764 үлгүсү текшерилип, алардын ичинен 34 адамда А/H1N1 (чочко) тумоосу, 56 адамда В тумоосу аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул вирус абдан тез жугат жана ден соолукка олуттуу зыян келтирерин, А тибиндеги вирус В жана С түрлөрүнөн айырмаланып, оор формада өтөрүн эскертти.

Чочко тумоосунун симптомдору сезондук сасык тумоого окшош, бирок ал кээде симптомсуз өтүп, өтүшүп кетсе оор пневмонияга чейин жеткириши мүмкүн.

Эске салсак, 2009-2010-жылдары пандемияны шарттаган чочко тумоосу Орусияда жайылып жатканын Роспотребнадзор билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз