Вторник, 7 мая

Зеленский Түркияга жана Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга Украина менен Орусиянын ортосундагы туткундарды алмашууга көрсөткөн жардамдары үчүн абдан ыраазы экенин билдирди.

Зеленский Стамбулда өтүп жаткан TRT World Forum-2022ге онлайн катышып, сөз сүйлөдү. Учурдагы азык-түлүк кризисин ар кайсы өлкөлөрдүн сезгенин жана дипломатиянын негизинде Украинанын Кара деңиздеги үч портунан азык-түлүк экспорттогондорун айтты.

Июль айынан бери 40 өлкөгө 13 миллион тоннадан ашык айыл чарба продукциясын жеткиргендерин түшүндүргөн Зеленский: «Украина-Түркия-Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен аракети менен ачкачылык коркунучун токтотуп жатабыз», — деди.

Зеленский Түркия менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун алмашууга жардам бергенин жана бул үчүн абдан ыраазы экенин билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз