Пятница, 26 апреля

Мэрия: Жалал-Абадда көмүр 5 миң сомдон сатылууда

0

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү, 6 дареги боюнча сатылууда.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турарын белгиледи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз