Бишкектин абасы ден-соолука коркунучтуу деңгээлге жетти

0

Бишкек бүгүнкү күндө абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү 94 шаардын ичинен 3-орунда турат. Бул тууралуу дүйнөлүк World Air Quality рейтингинин сайтында айтылат.

Учурда Бишкек шаарындагы PM2.5 концентрациясы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму сунуштаган жылдык орточо аба сапатынан 49,1 эсе жогору.

Бишкектин жашоочуларына сыртка чыкканда беткап тагуу, имараттардын ичинде абаны тазалоочу жабдыктарды иштетүү, ошондой эле үйлөрдүн терезесин ачпоо сунушталат.

Бүгүн абанын булганышы боюнча Пекин тизменин сап башында турса, Багдад жана Бишкек кийинки орунга жайгашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз