Воскресенье, 12 мая

Германия Украинага “Leopard” танкын, Болгария абадан коргонуу системаларын берет

0

Германиянын Коргонуу министри Мари-Агнес Штрак-Циммерман Украинага “Leopard” танкын берүүнү  көздөп жатышканын, АКШнын да бул чечимди колдоорун айтты. “Leopard” танкы Германиянын негизги согуш танкы болуп эсептелинет. Бул танктын Украинага берилүүсү согуш талаасындагы абалды түп тамырынан өзгөртүшү мүмкүн.

Муну менен катар Болгарияда парламент Украинанын Орусияга каршылыгын колдоо үчүн бул өлкөгө жасай турган курал жардам пакетин бекитти.

Парламенттин коргонуу комиссиясынын төрагасы Христо Гацев: «Украина шаарларынын асманын орус учкучсуз учуучу аппараттарына каршы коргоо технологияларын жиберебиз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз