Суббота, 27 апреля

Бишкекте «Мурас» турнири башталды

0

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча салттуу «Мурас» турнири башталды. Турнирге жалпы 16 команда катышууда. Алар:

— Президенттин командасы
— Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”
— Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”
— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”
— Футбол ардагерлери – “Алга”
— Спорт федерацияларынын жетекчилери – «Спорттук федерациялар»
— Жогорку Кеңештин депутаттары – «Жогорку Кеңеш»
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – «Аймактар»
— Дин өкүлдөрү – “Ыйман”
— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»
— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”
— Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”
— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – «Коопсуздук»
— Белгилүү спортчулар – «Спорт жылдыздары»
— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча он алты команда төрт топко бөлүндү:

  • А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Журналисттер”, “Спорт федерациялары”
  • В тайпасы: «Жогорку Кеңеш», «Коопсуздук», «Достук», «Бизнес»
  • С тайпасы: “Алга”, “Элчилер”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”
  • D тайпасы: “Ыйман”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Ден Соолук”

Ар бир тайпадан жеңүүчүлөр жана өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар жарым финалга чыгышат.

Тайпалардагы оюндар эки жерде өтөт:

— “А” жана “В” тайпасындагы командалар “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде ойношот (түз эфир УТРК Спортто);

— “С” жана “D” тайпасындагы командалар Кожомкул атындагы спорт ордосунда ойношот (түз эфир ЭлТРде).

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү. Турнир жылына эки жолу (кышында жана жазында) өтөт.

Спорттук иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз