Суббота, 4 мая

Бишкекте Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган конференция өттү

0

Күн мурун, 13-декабрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде белгилүү тарыхый ишмер Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган “Канай уулу Байтик баатырдын жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияга маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун башчысы Кыяс Молдокасымов катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү, ошондой эле иш-чарага коомдук жана саясий ишмерлер, тарыхчы илимпоздор жана маданият ишмерлери катышты.

“Бүгүн биз Кыргыз элинин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине эбегейсиз зор салымын кошкон Байтик баатырдын басып өткөн жолун тарыхчылар менен бирге эскерип отурабыз.

Баатырдын өмүрү кыргыз элинин эркиндигине, өсүп-өнүгүүсүнө, кыргыз мамлекетинин өз алдынча болуусуна арналгандыгын тарых барактары аркылуу билебиз.

Баатырдын Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү бийлигинин чыңдалышына каршы чыгып, Пишпектеги чебин уратканы, Олуя-Ата, Меркедеги чептерин талкалаган майтарылбас эрдиги, баатырдыгы бул тарых.

Анын Санк -Петербург шаарына барып, Ак падышанын колунан алтын медал алышы, айтор мунун баарысы азыркы мунга үлгү, сабак болушу шарт.

Биз Байтик баатыр,Ормон Хандай баатырларыбыздын эрдигин ар дайым даңазалап, акылыбызга түйүп, билип жүрүшүбүз абзел. Бүгүнкүдөй илимий- ишчаралар байма-бай өтүп турса дейм” — деп белгиледи Түмөнбай Колдошов өз сөзүндө .

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун башчысы Нурил Алымбаев буга чейин болуп өткөн Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесин уюштурууга жигердүү салым кошкону үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле илимий-тажрыйбалык конференцияда Байтик баатырдын өмүрү жана ишмердиги, орус админстрациясы менен болгон мамилелери, кыргыз тарых наамасында изилдениши жана баатырдын портретинин эл оозунда чагылдырылышы тууралуу баяндамалар окулуп, талкууланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз