Суббота, 11 мая

Спикер орусча сүйлөйм деген министрди кыргызча сүйлөттү

0

Жогорку Кеңештин 15-декабрындагы жыйынында төрага Нурлан Шакиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага расмий тилде баяндама жасоого уруксат берген жок.

Жыйында министр кыргыз тилинде саламдашып, бирок баяндамасын орус тилинде улантты.

Төрага Нурлан Шакиев: “Кечиресиз, орусча баяндама жасаганга кимдер уруксат сурадыңыз? Эмне үчүн кыргызча эмес”, деп сөзүн бөлдү.

Динара Кутманова депутаттардан уруксат сураганын айтты.

“Ким уруксат берди сизге?”, — деди төрага.

Министр айымдын “төрагадан” деген жообуна, Нурлан Шакиев: “Мен азыр көрүп жатам. Бизде тартип ушундай, баяндаманы мамлекеттик тилде жасашыңар керек. Уруксат сурабай эле, окуп кете бересиңерби? Кыргыз тилинде жасаңыз”, — деди.

Министр айым баяндамасын мамлекеттик тилинде улантты.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз