Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын жаратылыш газ инфраструктурасынын маанилүү потенциалга ээ экенин, европалык керектөөчүлөр үчүн газ баасынын чоң өлчөмдө Түркиядагы борбордо аныктала турганын айтты.
Владимир Путин баш калаа Москвадагы Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркияда курулуусу пландалган газ борборуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Путин «Түркиянын жаратылыш газ инфраструктурасынын олуттуу потенциалы бар. Курула турган жаратылыш газ түйүнүндө соода үчүн электрондук платформа келерки айларда түзүлүшү мүмкүн. Европалык керектөөчүлөр үчүн газ баасы негизинен Түркиядагы борбордо аныкталат. Европанын өз борборлорунда болуп жаткандар акылга
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өткөн аптада Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун жетекчиси Алексей Миллерди Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алган.
Жолугушууда Түркияда газ борборун түзүү, ошондой эле орус газын Түркияга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.