Казакстан эгемендүүлүк күнүн майрамдоодо. Президент Садыр Жапаров президент Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышты.