Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жылга караган түнү салют атылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.
“Учурда мэрия 2023-жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт”, — деп айтылат маалыматта.