Четверг, 2 мая

PWL мелдеши. Үзүр Жузупбеков орусиялык атаандашын жеңди

0

Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде орусиялык Александр Головинди жеңип алды.

Мелдеш бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. PWL – 3 мелдеши World Series форматында, башкача айтканда, дүйнөнүн эң мыкты балбандары килемге чыгып, бир жолудан күрөштү.

Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшүнүн 97 кг салмакта Европа чемпионатынын байге ээси Александр Головинге каршы килемге чыкты. Алгач орусиялык балбан үч упай алганга үлгүрдү, бирок Жузупбеков атаандашын көтөрүп чаап, эсепти 3:3кө өзгөрттү. Акыркы упайды кыргыз балбаны алганы үчүн жеңиш ага ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) ушул жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз