Воскресенье, 12 мая

Кемпир-Абад. Камалгандардын жакындары Жапаров менен жолугууну талап кылууда

0

Бишкектин Панфилов сейил багында «Кемпир-Абад иши» боюнча камакка алынган активист жана саясатчылардын жакындары акцияга чыгышты. Акцияга 50гө жакын адам катышып, алар тергөө абагында камалып жаткан жакындарын үй камагына чыгарууну, ошондой эле, президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышкан.

Касиет Мамырбайдын айтымында, акция учурунда аларга президенттик администрациянын кызматкерлери келип, алты киши менен жолугушкан.

«Бизге президенттин администрациянын кызматкерлери келип, соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн Урмат Абдыбеков жана Талгат Калиев аттуу кызматкерлери менен жолуктук. Жакындарыбыздын камакка алынышы эмнеге мыйзамсыз экени тууралуу  жүйөлөрүбүздү айттык. 19 адам ачкачылык кармап, алардын үчөөнүн абалы оор экенин белгилеп, аларды ооруканага жаткырбаса, каза болуп калышы мүмкүн экенин билдирдик», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматова медициналык борбордо текшерилүүдө.

Касиет Мамырбай билдиргендей, президентке камакка алынгандар боюнча туура эмес маалыматтар берилип жатат.

«Эң башкысы президент менен жолугуша албай калдык. Жолугушуу боюнча расмий кат жаздык. Президент менен жолугушууну каалаганыбыздын себеби, биздин угушубуз боюнча президентке жакындарыбыз «башаламандык уюштурууга даярдык көргөн, бийликти басып алайын деген» сыяктуу туура эмес маалымат жетип жатат», — деди ал.

Ал билдиргендей, администрациянын кызматкерлери алардын катын президентке эртерээк жетишине көмөк көрсөтөрүн айткан.

«Администрациянын кызматкерлери «соттун, прокуратуранын ишине кийлигише албайбыз, баары мыйзамдуу, мыйзамды сактайлы» деген жоопторун айтышты. Бирок биздин катты президентке эртерээк жеткирүүгө көмөктөшөрүн билдиришти», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз