Пятница, 19 апреля

Мадумаров трибунадан камалган аялдарды колдоп катуу айтты

0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар боюнча маселе көтөрдү. Жыйында Адахан Мадумаров камактагы отургандардын ичинен эки аял кишинин ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылып жатканын белгиледи.

«28 жаран мыйзамсыз камалап отурат. Кечээ дарыгерлер эки кызыбызыдын ден соолугун карап, ден соолугуна аябай катуу коркунуч келип жатат, кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Бул жакта Жогорку Кеңеш бюджетти, мыйзамды, регламентти карайлы деп отурат. Биз кабыл алып жаткан мыйзамдар эч нерсе алып келбейт, эч нерсеге жарабайт. Өзүм билемдик менен кетүүнүн акыры жакшылыкка алып келбейт», — деди ал.

Мадумаров учурда №1 тергөө абагында отургандар быйыл июнь айында УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулуп, андан кийин каза болгон Марат Казакпаевге окшоп көз жумушу керекпи деп суроо салды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз