Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Маалыматты калаанын мэри Таалайбек Конкобаев тастыктады.
Анын айтымында, бийиктиги 12,5 метрди түзгөн жаңы жылдык символика шаардын чок ортосуна орнотулуп, кечээ, 22-декабрда, кечинде салтанат менен жандырылган. Бирок бүгүн таңда болжол менен саат 5:00 чамасында өрттөнүп кеткен.
«Балатыга атайылап өрт койду деген шектенүү бар. Жыл сайын эле жөндөн-жөн күйүп кетпейт да. Бул боюнча азыр укук коргоо органдары иштеп жатат. Балатыны сатып алууга жана жасалгалоого 700 миң сомго чукул каражат жумшалган», — деди мэр.
Белгилей кетсек, былтыр да 31-декабрда жыл жаңырган алгачкы мүнөттөрдө Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнүп кеткен.