Воскресенье, 5 мая

Коронавирус кетип, эми «Strep A» келди. Британияда 94 киши өлдү

0

Британияда «Strep A» бактериясынын айынан 21и бала 94 адам каза болду.

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу агенттигинин (UKHSA) билдирүүсүнө караганда, өлкөдө 18 жашка чейинки 21 бала «Strep A» бактериялык инфекциясынан көз жумду. Учурда бул илдеттен каза болгондордун саны 94кө жетти.

UKHSA 6-декабрдагы билдирүүсүндө, үй-бүлөлөрдү инфекциядан сак болууну эскертип, антибиотиктер менен дарылоого боло турган бул оорунун мурунку жылдарга караганда көбүрөөк катталып жатканына көңүл бурду.

Белгилүү болгондой «Strep A» бактериясы адамдардын тамагына жана терисине жайгашып, мезгил-мезгили менен суук тийүү жана тамак ооруну пайда кылат.

Ооруга себеп болгон бактериялар чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана жакын байланыш аркылуу адамдар арасында оңой жайылат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз