Воскресенье, 5 мая

Aнкарадагы кыргызстандыктар жаңы жылдык кече өткөрүштү

0

Кечени Кыргыз эл коому уюштуруп Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилигинин кызматкерлери, Анкарада иштеп жана окуган мекендештер катышты.

Кыргыз эл коомунун куруучусу Тимур Такабаев кеченин ачылыш сөзүн сүйлөп, мекендештердин башын бириктирген маданий иш-чараларды уюштурууга ынтызарлыгын билдирип, мекендештерди жаңы жылы менен куттуктады.

Ал эми Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзуура Жумакунова эже өзүнүн акыл насаатын айтып, 2022-жыл Кыргызстанга келкел келген жыл болгонун белгилеп Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) башкы катчы болуп элчи Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙго башкы катчы болуп Султан Раев келгенин белгилөө менен бирге коен жылында Кыргызстан коендой ылдам өнүгө беришин каалады.

Кыргызстандын Анкарадагы Элчилигинин консулу Салтанат Султанбекова элчи Руслан Казакбаев кечеге катыша албай калганын айтып, ал жиберген катты окуп берди жана бардык мекендештерди жаңы жылы менен куттуктады.

Иш-чарага Кыргызстандан чакырылган төкмө акын Кубат Тукешов, чебер комузчу Насипа Калмаматова, эстрада ырчысы Рысгүл Бабашова жана студенттерден турган чакан топ келгендердин жарпын жазды.

Жаңы жылдык кечени Мира Абдрахманова алып барып ар түрдүү оюн зоокторду өткөрүп жатты жана лотерея ойнотулуп, анда Кыргызстанга барып келүү үчүн учак билетинен баштап ар түрдүү баалуу белектер байгеге коюлду.

Ал эми кеченин кичинекей коноктору өз өнөрлөрүн тартуулашып Аяз ата менен Аяз кыздан белектерди алышты жана кубанычы койнуна батпай  балаты менен үстөлдөрдү тегеренип чуркашып сүймөнчүккө ээ болушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз