Воскресенье, 28 апреля

Акжол Махмудов Азиянын эң мыкты балбаны

0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу UWW Asia жазып чыкты.

Жылдын жыйынтыгы менен Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япон Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп аталды.

Эскерте кетсек, буга чейин UWW уюмунун версиясы боюнча Акжол Махмудов 2022-жылдын “Тарых жаратуучусу” болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз