Суббота, 4 мая

Карызы  барлар жаңы жылда жарыксыз калышат

0

28-декабрда Бишкек шаарында карызы бар 6 200дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Андыктан уюм жарандарды карыздан кутулууга чакырат.

Керектөөчүлөр компаниянын сайтындагы «Абоненттик баланс» бөлүмүнөн өзүнүн жеке кабинетин таап, андан эсепти текшере алышат. Мындан тышкары, эсепти күнү-түнү иштеген call-борборго 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09 номерлери аркылуу чалып же (0556) 00-12-09 WhatsApp номери аркылуу байланышып билсе болот.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTС (Kassa-24), MegaCom, О!, «Оңой» төлөм терминалдары (анын ичинде О!, MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары), РСК банкы, «ДосКредо банк», «Керемет банк», «Бакай банк», «Кыргызстан» коммерциялык банкы, «Халык банк», KICB, «Оптима банк», ошондой эле «Кыргыз почтасы» аркылуу төлөөгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз