Четверг, 25 апреля

Байдын баласын окуткан “Сапат” мектептери мамлекетке ижара акысын төлөөдөн качууда

0

“Сапат” мектептери салык төлөөдөн качып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Депутаттар Бекболот Арзибаев жана Эсенбек Арзиев, эмне үчүн мамлекеттик имараттарда жайгашкан “Сапат” мектептери ижара акысын төлөбөй жатканын сурады.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Төрөбеков бул маселе боюнча соттук териштирүү болуп жатканын, “Сапат” мектептери 7 миллион сом төлөбөш үчүн соттошуп жатканын айтты.

Муну менен катар Төрөбеков 2015-жылы Ош шаардык кеңеши “Сапат” мектептерин ижара акысын төлөөдөн бошотуп салганы тууралуу маалымат берди.

“Сапат” мектептери Кыргызстанда байлардын балдары окуган кымбат окуу жайлар катары белгилүү. Окуу акысы 3 миң доллардан 11 миң долларга чейин жетет. Бул мектептер көбүнесе мамлекеттик имараттарда жайгашкан. Мурда Жалал-Абад шаардык кеңешинде да “Сапат” мектептери көптөгөн жылдар бою ижара акысын төлөбөй келгени айтылган.

“Сапат” мектептери, азыркы учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлендин уюмуна тиешелүү окуу жайлар экени айтылып келет. ФЕТО деген ат менен белгилүү болгон бул уюмга Түркиядагы 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин көптөгөн мамлекеттерде тыйуу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз