Воскресенье, 5 мая

Орозайым Нарматова сот залында жыгылып түштү

0

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып жаткан Орозайым Нарматова сот залында эсин жоготуп жыгылды.

Reporter.kg‘ге активист Касиет Мамырбай билдиргендей, Нарматованын жактоочусу ал эсин жоготуп кулаганда, темирди сүзүп алганын айткан. Нарматованын башында көк так калган.

Нарматова эсин жоготуп алгандан кийин Бишкек шаардык сотуна тез жардам кызматы чакырылган.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, Нарматованын ден соолугуна байланыштуу соттук отурум 28-декабрга саат 15:00го жылдырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз