Кыргызстандын аймагында 3-январдан 5-январга чейин кар жаашы күтүлүп жатканына байланыштуу тоолуу райондодо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында, «Ала-Бука — Каныш-Кыя» автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана «Красная-Горка — Акташ» автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышуу керек.