Четверг, 2 мая

Sputnik Литванын журналисти тыңчылыкка шектүүлүүдө

0

Латвиянын атайын кызматы Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касемди санкция эрежелерин бузууга жана тыңчылыкка шектүү деп кармады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

«Марат Касемди Рига шаарында кармашкан. 5-январда баш коргоо чарасын тандоо боюнча сот отуруму өттү. Касемдин жактоочусу күрөө коюу менен аны коё берүүнү талап кылган, бирок сот абакка киргизүү чечимин кабыл алган. Журналистти бүгүн эле дароо Ригадагы камакка киргизишкен», — деп жазылат маалыматта.

«Россия сегодня» медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев журналисттин кармалышын таптакыр мыйзамсыз деп сыпаттап, акылга сыйгыс деп атаган. Анын айтымында, бул абал Латвиянын сөз эркиндигин колдой албагандыгынан кабар берип, режимин ачык көрсөтүп турат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Касемдин кармалышы сөз эркиндиги жана журналисттердин укугун коргоо жаатында эл аралык милдеттерди бузат деп билдирген. Захарова кармалган журналист коркунуч болуп жатканын бир нече жолу айтканын эске алуу менен ыйгарым укуктуу эл аралык уюмдарды тергөөгө катышууга чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз