Пятница, 3 мая

Көчкү түшкөн Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолу кайрадан ачылды

0

Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 4-январда Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары, 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Аталган унаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында КР ИИМнин ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз